www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков ордун ыймандуу болуп, уставга ылайык келбесе дагы, кыргызчылык менен батасын берип, 5-10-октябрдагы ызы-чууда Калык Айтбаевди өз ордуна "дайындашкан". Ошол учурда Жумабековдун колунда турган армиясы Айтабаевди “кыңк” этпей тосуп алышкан.
Ошентип Айтбаев эл тарабынан шайланып, дайындалгандыгы жөнүндө билдирүү жасалган. Жыйынтыгында Алмаз Жумабеков макул болуп, Калык Айтбаевди бетинен өөп кучактап, тосуп алып, креслосуна “былкылдата” олтургузуп кетип калган. Тилекке каршы Калык Айтбаев имаратты бир гана күн ээлеп, андан кийин имараттан чыгып кетип, Алмаз Жумабеков жумушка кайтып келген.
Калык Айтбаевге кыскача токтоло кетсек, буга чейин Талас ОИИБдин башчысы кызматын ээлеп келген, бирок кийинчерээк кызматынан алынып, Жалал-Абад облусуна Кара-Көл ШИИБдин башчысы болуп жөнөтүлгөн. Кара-Көл шаарында жергиликтүү тургундар ага каршы митингге чыгышкан, дегени менен ал учурда Айтбаевди "подстава" кылган дегендер дагы жок эмес.
2017-жылдын март айында Кара-Көл шаарынын мэри Айтбаевдин ишине нааразы экендигин билдирген. Анткени ал шаар жетекчилеринин катышуусундагы бардык жолугушууларды көңүл сыртында калтыргандыгы үчүн ГОВДнын жетекчилигин кызматтан кетирүүнү суранган.
Массалык маалымат каражаттарында Калык Айтбаев оперативдик кызматкер Равшан Матиев менен болгон чыр-чатагы үчүн эсинде калган, ал үч айлык аргасыз өргүүдөн кийин ички иштер органдарынан кетүү тууралуу арыз жазган. Матиев Айтбаев менен болгон чыр-чатакка чейин РИИБде төрт жыл кызмат өтөгөн.
Матиев Айтбаев жана анын кол алдындагы кызматкери баңгизаты бар адамды кармалып, андан кийин бошотконун айтылган. Матиев документтерди чогултуп, прокуратурага жана УКМКга барган. Айтбаев Матиевге сөгүш жарыяланып, ал башка аймакка которулушун талап кылган, "анткени ал кылмышкерлерге колдоо көрсөткөн шеф менен иштеше алган эмес».
Баса, Калык Айтбаев Өмүрбек Бабановдун жакын кишиси. Учурда Бабановдун белгилүү супермаркетинде «күзөтчүлөрдүн көзүрү». Ишенимдүү булактарга таянсак жакынкы аралыкта Калык Айтбаевге кылмыш иши козголуп камакка алынат.
Эске салсак, 5-октябрдагы митингдерден кийин митингчилер "Ак үйдү" басып алышкан, андан кийин өлкө боюнча ар кандай кызматтарга өзүн-өзү дайындоо башталган. Азыркы тапта “өктөбүр айындагы октябраттар” четинен камакка алынуусу күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg