www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен айтпасам, ким айтат! Атуул Азимбек Бекназаровдун КР Президенти Садыр Жапаровго Кайрылуусу!
(Уландысы)
КОНСТИТУЦИЯ ХАНДАР ҮЧҮН ЖАЗЫЛБАЙТ....
Адамзатынын жаңы тарых дооруна чейин (17-18- к.к.) же тактап айтканда, шайлоо жолу менен өлкө башчысы бийликке келген-Республика тибиндеги мамлекеттер пайда болгонго чейин, мамлекет башчылары болушкан: королдор, императорлор, царлар, монархтар, кагандар, хандар үчүн эч качан Башмыйзам жазылган эмес. Алардын өзү Башмыйзам болушкан. Президенттик Республикалардын башчылары -президенттер - үчүн, Конституция ойлонуп чыгарылган. Мындай өлкөлөрдө, королдун, императордун, хандын чексиз бийлигиндей чексиз бийлик президентке берилбейт, анын бийлиги Конституция менен аныкталып, чектелет. Президент баш болуп, баары Конституцияда, мыйзамдарда бекитилген бийликке, укукка, милдетке гана ээ болот. Бирок тилекке каршы адам дегенин: өмүргө, байлыкка тойбогондой эле, бийликке да тойбостугун нечендеген «диктатор» атка конгон президенттер далилдеп келишет. Ага өзүбүздүн эле 30 жылдык тарыхыбыздагы «узурпатор» атка конушкан президенттерибиздин жоруктары далил.
Урматтуу, Садыр Нургожоевич жаңы Конституция жазылып жатат: Акаевге окшоп: «... Англиянын королевасындай болуп калыптырмын ...»- деп бийлик талашпай, «элиме берген убадаларды аткарыш үчүн милдет, жоопкерчилик жүктөгүлө»- деп ыйгарым укук менен кошо жоопкерчиликти талашыңыз.
Мисалы: а) «КРнын президентинин кайсы бир партияны ачык же кыйыр колдогону Жогорку Кеңеште же Элдик курултайда далилденгени, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна алып келет»;
б) «КРнын президенти ар жылдык аткарган иш аракеттери боюнча, жыл сайын элдик курултайда элге отчёт берет»; (Парламенттик өлкөлөрдө Өкмөт башчы өзүн шайлаган депутаттарга жыл сайын отчёт бергендей эле, Президент жана ЖКнын депутаттары да өздөрүн шайлаган жалпы элге жыл сайын бир жолу отчёт бериш керек)
в) «КРнын президенти өз Жарлыгы же өз Жарлыгы менен өткөргөн Референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү, толуктоолор киргизүү жолу менен өзүнө кошумча ыйгарым укуктарды алалбайт» жана башка ушул сыяктуу ченемдерди Баш мыйзамга так жаздырыңыз. Себеби сизге чейинки президенттер ушундай жолдор менен мамлекеттик бийликти толук узурпация кылышкан. Эл менен шайлоодон кийин эсептешпей калган. Бирок алардын кылган, аткарган иштери катары: -мекенибиздин кол тийбестигинин бузулгандыгы, колхоз-совхоз, завод-фабрика таланып, бүлүнүп ит бекер сатылып чачылганы, алардын ордуна жумушчу орундар түзүлбөй элибиз жумушсуз карайлап калганы, кен-байлыктар жана башка элдин байлыктары чет элдиктерге сатылганы, өлкөнү жана коомубузду коррупцияга, жана карызга батырышканы, үй-бүлөсү, үй-бүлөлүк партиялар менен өлкөнү башкарышканы, элди үч жолу өздөрүнө каршы көтөрүлүшкө чыгууга, Ак үйдү алууга мажбур кылышканы жана башка элге, мамлекетке жасаган кыянаттуу иштери менен тарыхта калды. Башкача тарыхта калганга чексиз бийликтери жардам берген жок!
(Уландысы бар)
Булак:NazarNews.kg