www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жарлыгына кол коюлду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бир катар жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды берүү жана ардак наамдарды ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду.

Сыйлыктар өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу ыйгарылды.

Жарлыкка ылайык, «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы каза болгондон кийин ырчы, аткаруучу жана обончу Рысбай Абдыкадыровго, ошондой эле композитор, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Муратбек Бегалиевге, Талас облусундагы кыргыз тили жана адабияты мугалими Бектур Исаковго, БШКнын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетовго жана медицина тармагынын өкүлү Дүйша Кудаяровго ыйгарылды.

III даражадагы «Манас» ордени менен «Группа Альянс» компаниясынын президенти Муса Бажаев, Кыргызстандын Футзал ассоциациясынын уюштуруучусу Медетбек Букуев, казакстандык кардиохирург Сейтхан Джошибаев, журналист Тилектеш Ишемкулов, милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов, медицина профессору Камчибек Узакбаев жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов сыйланды.

Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине «Эрдик» ордени ыйгарылды. Алардын арасында каза болгондон кийин суучул-куткаруучу Аскарбек Казыбеков да бар.

«Даңк» ордени курулуш, мамлекеттик кызмат, медицина жана башка тармактардын өкүлдөрүнө берилсе, «Достук» ордени өзбекстандык маданий ишмер, жазуучу жана журналист Ахмаджон Мелибоевго ыйгарылды.

Ошондой эле бир катар адистерге «Кыргыз Республикасынын эл мугалими», «Эл врачы», «Эл артисти», «Эл жазуучусу», «Эл акыны», «Эл сүрөтчүсү», «Кыргыз Республикасынын жаратманы» жана «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» сыяктуу ардак наамдар берилди.

Мындан сырткары, ондогон жарандар «Ардак» медалы менен сыйланды. Алардын арасында дарыгерлер, мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер, аскер кызматчылары, спортчулар жана маданият өкүлдөрү бар.

Последние новости