www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматынан кетти. Бул тууралуу “Азаттык” жазды. “Мен циркке жетекчи болуп иштеген төрт жыл ичинде өзүбүздүн өнүгүү концепциябызга ылайык циркти реформалоо, оңдоп-түзөө боюнча бир топ иштерди аткара алган жокпуз. Анткени 4 жыл ичинде 4 маданият министри алмашты. Алардын ар кимисинин циркти реформалоо боюча өз ой-пикири бар. Буга чейин оңдоп-түзөө иштерине бир дагы сом бөлүнгөн жок. Акча бөлүнбөсө жылыш болбойт. Кызматтан өзүм арыз жазып кеткенимдин себеби ушул болду”, — деп билдирген Бекманбетов.
Буга чейин каскадёр Асланайым Аширова цирк имараты начар абалда экенин, жетекчилик тараптан айрым кызматкерлерге куугунтук болуп жатканын айтып чыккан. Бекманбетов өзүнө карата айтылган дооматтарды четке каккан. Мамлекеттик циркке Фархад Бекманбетов 2019-жылдын январь айында жетекчи болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg