www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери, Кыргыз Республикасынын элчиси, дипломатиялык кызматтын ардагери, эмгек сиңирген экономист Мукун Асейинович Асейинов 2026-жылдын 22-августунда 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Мукун Асейинов 1941-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында төрөлгөн. Фрунзедеги советтик соода техникумун (1959-ж.), Москва кооператив институтун (1965-ж.), Бүткүл союздук комсомол уюмунун Борбордук комитетинин алдындагы мектепти (1963-ж.), КПСС Борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектепти (1974-ж.), СССРдин Эл чарба академиясын (1985-ж.) аяктаган.
Эмгек жолун 1959-жылы Каракол шаарындагы соода системасында бухгалтер болуп баштаган. 1961–1966-жылдары Пржевальск шаардык комсомол комитетинин экинчи, биринчи катчысы, 1966–1968-жылдары Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин сектор башчысы, 1968–1970-жылдары Фрунзе шаардык комсомол комитетинин экинчи катчысы болуп иштеген.
1970-жылдан тартып Фрунзе шаардык партия комитетинин инструктору, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин пландаштыруу жана финансы органдары бөлүмүнүн инструктору, уюштуруу бөлүмүнүн инспектору болуп эмгектенген. 1977–1979-жылдары Талас облусунун Киров райондук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1980-жылы Талас облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1981–1985-жылдары Кыргыз керектөөчүлөр коомдук союзунун төрагасынын орун басары, 1985-жылы Тянь-Шань райондук партия комитетинин биринчи катчысы кызматтарын аркалаган.
1986-жылы Кыргыз ССР Министрлер советинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 1987–1991-жылдары биринчи орун басары кызматын ээлеген.
1991–1996-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматында иштеген.
1996–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык уюмундагы (ЭКУ) туруктуу өкүлүнүн милдетин аткарган.
2012-жылы Мукун Асейинов Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп дайындалган.
1986–1991-жылдары Мукун Асейинов Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты катары мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө да иштеген.
Өзүнүн эмгек жолунда жогорку партиялык, мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтарда Мукун Асейинов Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чыңдоого багытталган анын Кыргызстандын Ирандагы элчиси кызматындагы дипломатиялык ишмердүүлүгү көңүл бурууга татыктуу.
Мукун Асейиновдун көп жылдык ак ниет эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти» ардактуу наамына татыктуу болгон.
Мукун Асейиновдун өз милдеттерин аткаруудагы жоопкерчиликтүү мамилеси, бай кесиптик тажрыйбасы, ишти терең билгендиги жана мамлекет менен эл алдындагы сиңирген эмгеги элдин эсинде түбөлүккө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун азасын тең бөлүшөбүз.
Некрологго кол койгондор:
С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, А.Ж. Жумагулов, М.Ш. Шеримкулов, Д.Ж. Амангелдиев, Э.А. Акунбеков, У.Э. Маматканов, А.С. Кадыралиев, Ж.М. Кулубаев, С. Абдумуталип, Т.Ч. Чынгышев, Ж.Т. Түмөнбаева, Т.И. Ишемкулов, М.М. Кидибаев жана башкалар.