www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Урматтуу мекендештер!

Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда кыргызстандык бир боорлорубуздун жол кырсыгынан улам каза болгондугу тууралуу кабар баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат.

Бул кырсык алардын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, жалпы Кыргызстан үчүн чоң жоготуу.

Андыктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшүп, кайрат, сабыр тилейм!

Жараткан бейишинен жай берип, арты кайрылуу болсун! Ал эми ооруканада жаткандар тез арада сакайсын!", - деди төрага.

Эске салсак, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган. Кырсыктан жабыркаган үч адам дагы кыргыз жарандары экени аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости