www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга белгилүү блогер Атай Бейшенбек, «Эмнегедир Орусиянын саясий линиясын карманып маалымат таратып келген Facebook баракчалар УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге арнаган постторун күчөтүп, таргет менен коё бере баштады.
Бишкекте Сапар Исаковду колдогон наклейкалар менен автоунаалар пайда болду. Шайлоонун жаңы форматы тууралуу ведомстволор аралык комиссия ишин баштады. «Стандартный» саясий күз башталып калды көрүнөт…
Садыр Жапаровдо бардык мүмкүнчүлүк, шарт, жана өлчөмдүү убакыт ресурсу бар», - деген пикирин социалдык баракчасына жазып чыкты.
Чынында учурда тар чөйрөдө качкын Сапар Исаков тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып, аны күзүндө «Садыр Жапаровдун ордун басат», деген сөздөр тарады. Мааламыттарга таянсак, Сапар Исаков азыр Россия Федерациясынын президенти В.Путиндин эшигин сагалап, жолугуу үчүн аттуу-баштуу адамдарды салып, Кремлдин айланасынан алыс кетпей жүргөнү айтылууда.
Сапар Исаков жашынан саясатта жүргөнү менен баскан изине жашыл чөп чыкпаган жигит. Максим Бакиевди пайдаланып, андан соң Алмазбек Атамбаевдин ишенимине кирип, 600 долларлык аттиш жана Тарых музейиндеги жыгач аттар менен элдин эсинде калган. Ал тургай Москванын чок ортосуна «Мурас» клинкасын түптөгөн ишкер.
Кызыгы, так ушул таптарда бийлик тууралуу терс маалыматтар көбөйүп, президенттикке талапкерлердин саны буга чейин 18 болсо, азыр жыйырманы чапчыды. Акыркы эки президенттикке талапкер бийликте кызматта экендиги айтылууда. Президенттикке талапкерлердин алды, манасчы, бүбү менен бакшыларга барып, арты имамдарды айланасына чогултуп кызуу аракет кылышууда.
Кыргызда «буйрук жейсиңби же куйрук жейсиңби Кудай билет», деген сөз бар... Хан тактыны көздөгөндөрдүн көбү 30 жылдан бери келе жаткан «шакалдар» экенин кыргыз эли унутпаса.
Булак: NazarNews.kg