www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура "Манас" эл аралык аэропортундагы туруктуу коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, аба майдандын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык каттамдарга жүк ташыган "Гата эйрлайнс" компаниясына жеңилдиктер берилип кеткен. Мунун кесепетинен 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта мамлекетке 12 миллион доллар зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган мыйзамсыз ишке шектүү катары "Манас" эл аралык аэропортунун дирекциясынын мурдагы башчысы Нурсултан Белеков кармалган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында "Манас" эл аралык аэропортунун директорлор кеңешмесинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовду, мекеменин мурдагы президенти Эмир Чукуевди, акционердик коомдун башка жооптуу кызматкерлерин, Мүлк фондунун жана Монополияга каршы агенттиктин жооптуу кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү маселеси каралып жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости