www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Фергана облусуна иш сапарынын алкагында Фергана шаарындагы Кытайдан келген уникалдуу технологиянын жардамы менен таштан кагаз чыгарган "Fergana stone paper" ишканасына барды. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстан агенттиги билдирди.

Мирзиеевдин айтымында, кагаз чыгаруу – кол өнөрчүлүктүн байыркы багыттарынын бири. “Өз учурунда самарканд кагазы дүйнө жүзүнө аты чыккан. Бул ишкана – тарыхый салтты өнөр жай деңгээлинде калыбына келтирүү болуп калат”, -деди өзбек лидери.

Адистердин айтымында, таш кагаз бир катар артыкчылыктарга ээ. Биринчиден, целлюлоза кагаздарын чыгаруу үчүн көп суу сарпталат, бул курамында зыяндуу нерселер бар болгону үчүн мындан ары колдонууга жараксыз болуусун шарттайт.

Экинчиден, мындай кагаздар катуу жана чыдамдуу болуп, нымдуулукка жана булганууга туруктуу келет. Ошондуктан таш кагаз полиграфия, таңгактарды жана туш кагаздарды өндүрүүгө абдан ыңгайлуу. Ал тышкы базарларда жогорку суроо-талап менен колдонулуп жатат.

«Fergana stone paper» ишканасында 60 адам иштейт, бир жылда 9 тонна таш кагаз өндүрүү жолго коюлган.

Аталган долбоор Мирзиеевдин 2019-жылы 6-майда Фергана облусуна болгон иш сапарында көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости