www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте кызыл китеби жок турак-жайлардын саны өсүүдө. 2013-жылдары мындай үйлөр 6 миң 380 болсо, учурда 7200дүн тегерегинде. Бул тууралуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Кадыкеев билдирди.
«Кайсы жерде кандай үйлөр бар экени аныкталды. Учурда мэрия тарабынан мыйзамга өзгөртүү киргизүү жагы каралууда. Мыйзамсыз жерлердин баары мыйзамдаштырылат дегенден алыспыз. Башкы планга кирбей калган курулуш объектилери да бар», — дейт Кадыкеев.
Анын айтымында, жеңил типтеги курулуш объектилерин курууга уруксат алуу үчүн жарандар Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгына кайрылуу керек. Алар архитектуралык-техникалык корутунду чийип берет.
Жаран Бишкек шаарынын жер ресурстары башкармалыгына арыз менен кайрылат, ал жактан комиссия карайт. Комиссия оң баасын берсе, жер бир жылдык мөөнөткө ижарага берилет.
Булак: NazarNews.kg