www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура «Манас» эл аралык аэропортундагы коррупциялык схемага байланыштуу кылмыш иши боюнча дагы айыпталуучу камакка алынышы жөнүндө маалымдайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы менен биргеликте «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык авиакаттамдардын жүк ташуусу үчүн чет өлкөлүк компанияга жеңилдиктерди берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныкташкандыгы маалымдалган.

17-февралда ушул иштин алкагында «Манас» эл аралык аэропорту»ААКнын мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев коррупцияга шектелип кармалып, ИИМдин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө штери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости