www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең менен "Манас" эл аралык аэропортунда электр энергиясына байланыштуу көйгөй жаралып, бир нече каттам убактылуу кармалып калды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 8:15те электр чыңалуусу дароо көтөрүлүп кетип, аэропорттун коммуникациялык системасынын ишине тоскоолдук жараткан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жүргүнчүлөрдү каттоо, паспорттук стол сыяктуу жайларда иш убактылуу токтотулган.

"Мындан улам Бишкек — Стамбул жана Бишкек — Алматы каттамдарынын жүргүнчүлөрү 30 мүнөттөй кечигип каттоого алынды. Жарандар аэропортко саат 10:09дан тарта киргизиле баштады", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок чек аранын көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын иши токтогон жок. Анткени анын сервердик жабдуулары башка блокто орнотулган.

Учурда аба майданы штаттык режимде иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости