www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас" эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому менен чет элдик компания ортосунда мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды. Мындай маалымат Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тарабынан кабарланды.

"Аэропорттун жетекчилиги 2018-2020-жылдар аралыгында 16 сынакка төрт чет элдик компаниянын уюштуруучусу болуп саналган А.Ш. аттуу жаран менен мыйзамсыз келишимдерди түзгөн.

Анын ичинде алардын аффилирленген компаниялары да болуп, алар кымбат баадагы 430 миллион 617 миң 935 сомдук товарларды (атайын техникалар менен жабдуулар) алып келүүгө катышкан.

Кээ бир товарларды сатып алууну пландаштыруу этабында бааларга тийиштүү мониторинг жасалбай, өндүрүштүк муктаждыгын эске албастан сатып алынуучу товардын бааларын негизсиз жогорулатып коюшкан.

Аэропорттун жетекчилиги өздөрүнө ыйгарылган укуктардан ашыкча пайдалануу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген, жеке кызыкчылыктардын негизинде пайда табуу максатында сынакты өткөрүү тартибин, мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен кымбат баалуу атайын техникаларды жана жабдууларды жогорулатылган баада сатып алууга келишим түзүшүп, мамлекетке 65 миллион 170 миң 226 сом зыян келтирилген.

Чогулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 233-берене (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 234-берене (Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу) менен катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости