www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Судьялар кеңеши Талант Мамытовдон жардам сурашты

Кыргызстандын Судьялар кеңеши президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго ачык кат жолдоп, сот корпусуна карата айтылып жаткан бир жактуу айыптоодон жана кысым көрсөтүүдөн коргоону, сот тутумунун көз каранды эместигин камсыз кылууга көмөктөшүүнү суранды.

25-декабрда жарыяланган ачык катта соңку мезгилде сот бийлиги укук тартибин коргоо органдарынын болуп көрбөгөндөй басымына кабылып жатканы белгиленди:

--“Күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциптеринин бири болуп саналат, ал адам кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен аныкталганга чейин күнөөсүз деп эсептелет. Акыркы окуялар укук коргоо органдарынын жашыруун кысым көрсөтүүсүнүн далили. Буга жол берилбеши керек! Анткени бул сот бийлигинин гана эмес, жалпы эле мамлекеттик бийликтин негиздеринин кадыр-баркына жана туруктуулугуна шек келтирет”.

Судьялар кеңеши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин 24-декабрда пресс-конференцияда “Жогорку соттун төрайымы кармалат, ага коюлган айыптар боюнча жетиштүү далилдер бар” деген билдирүүсү бийликтин бир бутагы болгон сот тутумуна, анын жетекчисине карата айтылган айыптоолор Кыргызстандын Конституциясынын ченемдерине жана жазык-процесстик мыйзамдарына каршы келерин белгиледи.

Кечээ, 24-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал дароо камакка алынарын айткан.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Жергиликтүү сот» системасы боюнча долбоор Европа Биримдигинин «Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Ал боюнча тендер өткөрүү жана тандоо ишин эл аралык уюм өзү жүргүзгөн жана Жогорку соттун жетекчилиги менен кызматкерлери айтылган айыптоолорго тийиштүү боло албайт. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости