www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр:

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян элдин чечими менен отставкага кетүүгө даяр экенин Facebook баракчасы аркылуу жазды. 

--"Элдин чечиминин жыйынтыгы менен премьер-министрлик кызматтан кетүүгө даярмын. Бирок эл ошону каалап, чечкен күндө гана кетем. Эгер эл менин бул кызматта калышымды кааласа, анда ушундай оор учурда Арменияны башкарып туруудан баш тартпайм", - деп жазган Пашинян.

Ал парламенттик жана парламенттен тышкаркы күчтөрдү 2021-жылы кезексиз шайлоо өткөрүү боюнча консультация жүргүзүүгө чакырып кеткен.

Белгилей кетсек, Арменияда эки айдан бери оппозиция тарап Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган акцияларды өткөрүүдө. Митингдер Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюлгандан кийин башталган.

Армения менен Азербайжан Москванын ортого түшүүсү менен согуштук иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир пикирге келип, макулдашышкан.

Ереван Бакуга Кельбаджар, Лачын жана Агдам райондорун өткөрүп берип, аймактарга Россиянын аскерлери барган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости