www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулук менен жемиштүү өз ара аракеттенүү жана кызматташуу максатында, 2020-жылдын 25-декабрында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

Негизги күн тартибине курсанттарды даярдоонун жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн негизги багыттары жөнүндө маселесин талкуулоо коюлду.

Отурумду ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов ачып, кеңешменин мүчөлөрү менен тааныштырып өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысынын окуу иштери боюнча орун басары, милициянын полковниги Б.С.Дубанаев "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттарын, студенттерин жана угуучуларын даярдоонун негизги багыттары жана илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн келечеги" деген темада баяндоо жасады. Начальниктин орун басары өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын ИИО үчүн кадрларды даярдоо боюнча Академиянын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы - бул ИИО үчүн гана эмес, башка укук коргоо органдары үчүн да квалификациялуу адистерди даярдаган алдыңкы билим берүү мекемеси жана илимий борбор экендигин айтты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү ИИМдин Академиясынын илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарын айтышты. Билим берүү мекемесинин каржылоо жана материалдык-техникалык абалын жакшыртуу боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Андан соң, жолугушуу кызуу талкуулоо форматында өттү.  Мындан тышкары, Коомдук кеңештин мүчөлөрү ИИМдин Академиясынын музейин көрүп чыгышып,  Академиянын материалдык-техникалык базасы менен таанышышты.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости