www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мамлекети-ири киреше алып келген жана стратегиялык маанидеги объект “Манас” эл аралык аэропортунан ажыраганы турат.  Татарстандык “Ядран” компаниясы аэропорттун жетекчиси Бакыт Шаршеев менен жакында эле жолугушу уюштуруп, аэропортту 25 жылга өздөрүнүн башкаруусуна алуу сунушун берди. Бул тууралуу казат.орг маалымат сайты жазып чыкты.

Мындай сунушка Шаршеев макул болуп, аэропортту Татарстандык компанияга өткөрүп берүү боюнча макулдашуу даярдатууда. “Ядран” компаниясы 25 жылга аэропортту алып, ал аралыкта 100 млн доллар инвестиция салууну убада кылып жатат.  

Бирок, 2019-жылдын жыйынтыгы менен “Манас” аэропорту мамлекеттин бюджетине 1,5 миллард сомдон (17 миллион доллар) ашыгырак акча каражатын төккөн. 25 жылда аэропорт өзү эле 441 миллион доллардан ашык киреше табат. Бакыт Шаршеев 100 миллион доллар инвестиция салабыз деген Татар компаниясына берүүгө эмнеге ашыгып жатканы түшүнүксүз! Эгер, “Ядран” компаниясы “Манас” аэропортун алса, анда 100 миллион доллар салып, 341 миллион доллар элдин байлыгын чыгарып кетет. Ушуга Бакыт Шаршеевдин мээси жетти бекен?! 

Буга чейин дагы Түркиялык “ТАV” компаниясы “Манас” аэропортун алууга кызыгып, бирок максатына жеткен эмес. Себеби, коомдук нааразычылыктар, каршылыктар болгон. Жогорку Кеӊеште дагы каралып, аэропорт Түркиялык компанияга өтүп кетүү коркунучунан аман калган. 

Бакыт Шаршеев мурда авиация тармагында иштеп көргөн эмес, өнүктүрүүгө түшүнүгү дагы жетпейт. Ал тургай самолёттун канча канаты бар экенин деле түзүк түшүнбөсө керек. Мурда-кийин Шаршеев деген адам бар экени элге белгисиз эле. Нариман Түлеевдин этегин кармап жүрүп, анын “Сапатком” ишканасын жетектеп көрүп, аз убакытта чоӊ компанияны банкрот кылып, түбүнө жеткен. Аэропортко жетекчи болуп келгенде дагы өзүнө окшош, мамлекеттик “Эйр-Кыргызстан” авиакомпаниясын банкрот кылып, аягында талкалап жок кылган Жолдошбек Бектургановду орун басар кылып жетелей келген. 

Жогорку Кеӊештин депутаты болуп иштеген кезинде Шаршеев деген депутат бар экени эч кимдин эсинде жок. Балык депутат болуп, тултуйуп отуруп, 1 мыйзам жазбай, ооз ачпай жүрүп мандатты ээлеп отурган. Депутат болуп калышына деле өзүнүн эмгеги эмес, нариман Түлеевдин салымы болгон. Мына ушундай, репутациясы начар, иштеген жерин эле банкротко учуратып жок кылган Шаршеев, эми элдин байлыгы “Манас” эл аралык аэропортун талкалаганы турат. 

Авиациядан түшүнүгү жок, өмүрүндө ал тармакта иштеп көрбөгөн адамды кантип төрага кылып дайындашты? Кантип түшүнүгү жок адамга – стратегиялык объектини ишенип колуна беришти? Мындан бөлөк бычакка сап адам жокпу? Чымчыкты сойсо дагы касапчы сойсун деген сөз бар, аэропорт бул чымчык эмес да?! 

Тилекке каршы, мамлекет ушундай адамдардын айынан, бир катар стратегиялык объектилерин, “Кыргызгаз” сыяктуу байлыктарынан ажыраган. Эми аэропортту Татарстандык “Ядран” компаниясына өтүп кетсе, мамлекеттин өзүнө таандык объектилеринен эмне калат? 

Улуттун кызыкчылыгына каршы келген келишимди даярдап жаткан Бакыт Шаршеевдин аракети тууралуу бийликтин кабары бар болду бекен? Өзүнүн башы жетпей, башкарууну татарларга бергени жатса, анда Шаршеевди кызматтан алып, ордуна түшүнгөн бирөөнү дайындоо керек. Же, качан гана аэрпортту талкалап бүткүчө күтүп тура берелиби? – деп кошумчалаган аталган сайт.

Эске сала кетсек, буга чейин NazarNews маалымат агенттиги "эки дос Бакыт Шаршеев, Жолдошбек Бектурганов “Манас” аэропорттy талкалайт, иштин көзүн билбейт" деп жазып чыкканбыз.

Мына, Вицин менен Маргуновдун кылар иши, ау-у бийлик эки шылуунга ишенбегиле! 2019-жылдын жыйынтыгы менен “Манас” аэропорту мамлекеттин бюджетине 1,5 миллард сомдон (17 миллион доллар) ашыгырак акча каражатын төккөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости