www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги белгилүү журналист Манас Осмонду кепке тартып, Баткен окуясынын күңгөй-тескейи жөнүндө кыскача сүйлөшүү жүргүздүк.

- Садыр Жапаровдун элге кайрылуусун уккандырсыз. Президент кайрылуусунда айтылчу нерселердин баарын айттыбы. Сиз кандай баа бердиңиз?

- Менимче, президент жөн гана көңүл айтып, кайгырып турганын билдирди. Мындай учурда ушундай эле болот. Маселен, душманды антебиз же, мынтебиз десе, туура болбой калат. Кандай болгон күндө да Борбор Азия, анын ичинде быкшып, күйүп турган Фергана өрөөнү бар.

- Тажикстан атайын террористтик уюмдарды жалдаганы боюнча кандай пикирдесиз?

- Тажик бийлиги атайын террористтик уюмдарды жалдап кереги жок. Анткени, андай нерсе өздөрүндө бар. Баткендин айылдарын өрттөп, тоноп, тынч жаткан элге бүлүк салуу нагыз террористтик уюмдардын табияты.

- Айылдарыбызга кирип келип, бүлүндүрүп жатышат. Аларды ошондо эле кууп чыкканга кыргыз куралдуу күчтөрүнүн дарамети жетпей калдыбы?

- Андай эмес. Дүйнөлүк саясатты түшүнгөн элдер азыр кыргыз элинин акылмандуулугуна жана кыргыз аскерлеринин күжүрмөндүүлүгүнө дагы бир ирет таң калып отурушат. Анткени, региондо улут аралык отту тутанткысы келген күчтөр бар. Кошуналар ошол кытмыр саясатты түшүнбөй жатышат. Тукурулган тажик террористтердин мизин кайтарып гана жатабыз. Эгер өздөрүндөй мамиле кылсак Фергана өрөөнү кызылдай чоктун ичинде калат. Биз провокацияга алдырбаганыбыз үчүн, Борбор Азияда бүгүн согуш жок.

Ошентсе да, жаш жигиттерибиздин шейит кетиши кабыргабызды катыштырбай койбойт. Алардын убалы согушту баштагандарга тийсин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости