www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз коомчулугунда кайсы бир сүрмө топтун ушагын сүрөп кетмей адат пайда болду. Жаңы-жылдын алгачкы күнүндө кадрдык өзгөрүү болоорун жазгандар Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмоновдун кызмат ордунан жылмышып, анын креслосуна төкмө акын Азамат Болгонбаевдин көчүк басаарын боолгоп атышат. Мындай абсурт нерселер же, урдурма маалыматтар коомчулуктун кабар алуу эркиндигине түзмө-түз сокку гана урат, дейт журналист Манас Осмон.

Кыргызбай Осмонов эң ириде таланттуу өнөрпоз, дипломат жана такшалган жетекчи. Тазалыгы өзүнчө кеп. Кана эми, өлкөдөгү баардык эле директорлор Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмонов сыяктуу элдин, журттун мактоосуна арзып, ээлеген жерин оңдоп, таптаза иштесе... Эгер жаңылбасам, Филармониянын жамааты 1000 ден ашса керек. Андыктан, ал жердеги өйдө-ылдый ишти эмгек жамааты айтып, баа берсин. Сыртта туруп, биз ак же, көк десек бул адилетсиздик болот.

Эми чыккан ушакка анализ.

Мен кимдир бирөөнү мактагандан алысмын. Мендей 23 жылын журналистикага атагандар жөн жерден мактап же, коомчулукта пикир жаратуу үчүн кайсы бир жетекчини жамандабайт. Мен билгенден Филармония жакка азырынча, коомчулуктун, бийликтин жана маданият министринин көзү түптүз.

Кыргызстандын 30 жылды ашкан тарыхында үлкөн кызматтарда жүрүп, жеп алып, аны аш кылалбай кылтакка иилингендер бар. Эл арасына чыгалбай "ууру" атыккандар андан көп. Кыргызбай Осмонов болсо, калкынын сыймыгына айланып, биртоп сыйлыктар, анын ичинде lll-даражадагы Манас ордени менен да сыйланды. Адам мындай сыйга карандай эмгеги жана талыкпаган аракети аркылуу гана жетет.

Сөз соңу.

Үлкөн, өнүккөн өлкөлөрдө калк жетекчилерди тааныбайт. Керек болсо, кызыкпайт деле. Акүй менен Көкүйдө иштейт экен деп кулдук урганын деле көрбөдүк. Айрыкча, бир филармониянын жетекчисинин кызмат ордун колуна калем кармаган эч ким коомчулукка алып чыкпайт. Өлкөдө андан да маанилүү нерселер турганда алар ушак, тешекке убакыт коротпойт экен. Маселен, кайсы бир креслону Акмат ээлейби, Ташмат ээлейби биз үчүн кызыгы болбошу керек. Уурубу, мамлекетти тоноп атабы, өнүгүүнү кечеңдетип атабы, айтор, бизди кызыктырганы ушул болууга тийиш. Ал эми кимди кетирип, кимди алып келет ал өлкө жетекчисинин иши.

Баарыңыздарга чың ден-соолук каалап, жаңы ийгиликтерди жаратышыңыздарга тилектешмин! – дейт Манас Осмон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости