www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын премьер - министри Матеуш Моравецки өлкөдө өлүм жазасын кайра киргизүүнү колдой турганын билдирди. Бул тууралуу трт.нет кабарлады.
Моравецки Фейсбук баракчасында жарандардын суроолоруна жооп берди.
Моравецки чиркөөнүн өлүм жазасы жөнүндөгү окуусуна макул эместигин билдирир : «Менин оюмча жалпысынан кайра карап чыгыш керек, өтө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасына уруксат берилиш керек”, - деди.
Польшада өлүм жазасы 1998 - жылы жоюлган. Эң акыркы жолу өлүм жазасына тартылган адам 1988 - жылы апрелде бир аялды зордуктап, өлтүргөн жана анын эки кызын өлтүрүүгө аракет кылуу менен асылган Анджей Чабански болгон.
Польшадагы саясий партиялардын көбү өлүм жазасын кайра киргизүүгө каршы, бирок бийликтеги Мыйзам жана адилеттик партиясынын айрым мүчөлөрү өлүм жазасын кайра киргизүүнү колдошууда.