www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарындагы курулуш объектилери боюнча пландан тышкары рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнүн алкагында Мамыр-Баатыр көчөсүндө жайгашкан 14 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу боюнча тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок экендиги аныкталды. Тактап айтканда, долбоордук-сметалык документтерге мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок туруп, жер казуудан кийинки пайдубал плитасын бетондоо иштери аткарылып жаткандыгы белгилүү болду.
Ошондой эле объект курулуп жаткан объекттердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталган эмес. Мындан сырткары текшерүү учурунда эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелеринин одоно бузулушу аныкталып, бул жумушчулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратаары айтылды.
Белгилей кетсек, аталган курулуш обьектиси боюнча буга чейин 2026-жылдын 10-февралында Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү боюнча эскертүү берилген. Бирок белгиленген мөөнөттө бул талаптар аткарылган эмес.
Натыйжада, курулуш иштери көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар жоюлганга чейин токтотулуп, “Легион Констракшн” ЖЧКсына 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.