www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Манас шаарынын Спутник кичи районундагы батирлердин биринен мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу жай аныкталган.
Ошондой эле батирден порошок сымал жана кара түстөгү белгисиз заттар, ошондой эле белгисиз суюктук жана дары каражаттары табылып, белгиленген тартипте алынган.
Аталган факт боюнча тиешелүү материал каттоого алынып, алынган заттардын курамын аныктоо максатында тиешелүү экспертиза дайындалган.
Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.