www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызстан» партиясынын лидери Шаки Бишкек мэрин адвокат Ольга Новохатскаяны жаактан ары бир чаап, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн, элге эрмек боло турган Эрмек Нургазиевди алып келди. Бишкектин аялзаты сак болгула, күйөөңөрдөн таяк жебегениңер менен бөөдө Эрмек эрмектеп сабап коюшу бышык, бул эми аялдарды жанчып иштей баштайт.
Шакинин шапалагы Балбак Түлөбаев «Чимкирик парламенттин» каарына туруштук бере алган жок
Ысык-Көл губернатору кантип Бишкек мэрине айланды? Октябрдагы башаламандыктан соң Ысык-Көл губернаторлугунан жутунуп Бишкек мэрине келген трайбалист Балбак Түлөбаев кыйратып деле иш бүтүрбөгөнү менен, мактануу жагынан соцтармактардын атактуу блогерине айланган. Шакинин байлыгы көптүрдүбү, ал эмес Момбековго окшогон «момун депутаттарга» да жаккан жок. Парламент менен болгон чыры аны Бишкек мэринен алып түштү. Парламент деле кыйратып ийген парламент эмес, мыйзам боюнча анын иштөө мөөнөтү 2020-жылдын октябрында эле бүтмөк. Октябрдагы чыр-чатактан улам жаңы шайланган жетинчи парламентке Шайлдабекова бата бере алган жок. Ал эми баштарын ар кайсы балчыкка тыгышып, жашынып жаткан «чимкирик парламентке» жаңы өкмөт башына келген Садыр Жапаров уруксат берди эле, булар бир –аз көнүп алган соң дердеңдей башташты. Ошондуктан, «Маңкага бучук үйүр» дегендей, мурун губернатор болуп туруп «хамалеончо» өзгөрүлүп Бишкекке мэр болуп дардаңдай баштаган Балбак Түлөбаевге азуусун көрсөтүп коюшкан. Балбак Түлөбаевдин сөзү боюнча, ал башка жумушка кетүү үчүн, өзүнүн каалоосу боюнча арыз жазган. Кайдагы калоо, баскан-турган жери палоо болуп турса, Бишкекте вице-мэр Жамалбек Ырсалиевке окшогондор Ош базарын тазалап кумурскача күжүрмөн иштеп жатса, Балбак балбактабаганда ким балбактайт? Ош базарында эл-журтка жаман көрүнүп мыйзамсыз күркөлөрдү жоготуп жаткан Жамалбек мырза тууралуу жакшы кеп айтылбайт. «Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска» деп аты Балбакка калмак. Жакшылык менен жамандыкты ылгабаган Балбак Түлөбаев ким бийликке келип президент болсо Шаки экөө ийилип кошомат кылышып, жакшы орундарды алып келген. Аскар Акаев президент болгондон бери бул экөөнүн иштебеген мыкты кызматтары калбады. Бийлик алмашкан соң кээ бирөө өзүн-өзү люстрация кылып беттери чымырап калат экен. Ал эми Балбак Түлөбаевдин бети чымырамак турсун улам-улам тултуюп, 100% мэр болбогондон кийин өзүнө тиешеси жок маселелерди көтөрүп, куйругун каалаган жерге тыкты. Бүгүнкү күндө бул баягы бийлик бутагына эле кошоматчылык кылам деген ойдо кылганы менен көпчүлүктүн жек көрүүсүнө дуушар болгонун түшүнгөн жок. Буга чейин Шаки менен көп кызматтарда иштеген, жакында эле тууганчыл Түлөбаев көлдүк болуп Садыр Жапаровдун жакын иниси болуп жатат. Көлдүк болгондон кийин ага-ини боло берет. Бул трайбалисттин кызматка келгенден бери түп тамыры менен оюу, кылып жактан иши башка. Иш жүзүндөгү эле ишти кылып жатпаса башка эч нерсе кылган жок. Эмне конкреттүү элге көрүнүктүү иш кылды? Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп жүргөндө гуманитардык жардамга келген азык-түлүктөр элге таратылбай дүкөн, камок, маркеттерге барып жатканы тууралуу эл видеого тартып алып көрсөтүшүп турчу. Азыр пандемия убагында ким кандай пайда көргөнү тууралуу жазасын ала баштады. Гумжардамдарды дүкөндөрдөн сатып байыгандар тууралуу да убакыт келсе айтылар.
Шаки үчүн «Орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт», Б. кетти Э. келди
Гумжардамдарды жегич жок болду, ордуна аял дегенде тиштерин кычыратып кызыл камчыга ала турган мэр келди. Жаңы мэрдин милдетин аткаруучулук милдетин Эрмек Нургазиев аркалайт. 44 жаштагы Нургазиев, "Эмма Курулуш" курулуш компаниясын негиздеп, аны жетектейт. 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Кыргызстан" партиясынын 48 номери менен тизмесинде орун алган. Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетип, ордуна "мэрдин милдетин аткаруучулук милдетин Эрмек Нургазиев аркалайт" деген маалымат тарагандан бери социалдык тармак дүрбөлөңгө түштү. Эрмек Нургазиев 400 дөн ашуун карапайым элди сызга отургузуп кеткен адам кантип мэр болот. Ал аял, дольщиктердин укугун коргогон адвокат Ольга Новохатскаяны жаактан ары бир муштап, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, моюнга албай жүрөт. Эрмек Нургазиев аялзатын сабаганды жакшы көргөн, ачуусу келсе шапалак менен тартып жиберген, ал тургай “чачташып” кеткенге даяр турган эр жигиттердин бири.
Мисалы, Эрмек Нургазиевден Кубанычбек Жусупов 2017-ж 12-майда Бишкек шаары, Ажыбек баатыр д.1/1ден, жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн, бир бөлмөлүү 34,15м2 жерди, бир миллион жүз отуз жети миң үч жүз жетимиш алты (1 137 376,00) сомго сатып алган. Эрмек Нургазиевдин колуна нак эсептеп берген. Бухгалтериядан келишим түзүлүп, Эрмек Нургазиевдин бухгалтери кол койгон. Москва шаарында күнү-түнү ичпей, жебей "квартиралуу болуп калалы" деп акчасын топтоп, жиберген күйөө баласы Таалайбек Жаныш уулуна сатып берди эле. Таалай атасыз чоңойгон, апакесинин жалгыз уулу. Эки баласы менен квартиралап жүрүшөт Москвада. Ушул күнгө чейин же квартирадан жок, же акчадан жок, бөөдө убалына калтырып, Эрмек жүрөт жер тепкилеп депутат болом деп, эми мэр болду.
Ушул мэрден запкы көргөн Назгүл Насиева жазып жатат: «Бул эч кимди тоготпогон, эч кимди укпаган, карапайым элдин мээнетин жеген Эрмек Нургазиевге чара көрчүүлөр аны чоңойто баштады. Калпы, шылтоосу көп, өтө куу адам Эрмек Нургазиев. Ал абийир алып келбейт, башыңардан ылдый суу куят.Эрмек мырза, эсиңизде болсун коркутуп, үркүтүү азыр мода эмес! Ортого кишилериңди салып бечара көрүнбөгүн "дольщикмин мени да, алдашты" деп. “Альянс” курулуш менен маселеңди өзүң чеч. Бул жетим баланын убалына калбай, алган акчаны жакшына кайтарып берип кой”, - деп. Кызыгы, кызматка келбей жатып, шымы шыпырылып, бата алып мэриянын астанасын аттабай туруп президентке арыз түштү. Эми социалдык тармакта “кызыл камчы” Эрмек элдерге “эрмек” болору бышык. Буюрса БШК жергиликтүү шайлоолорду 11-апрелге белгиледи. Ошол шайлоолордон Бишкек Кеңешине депутат болуп келгендер мэрди шайлашат эмеспи. Кечке эле Шакинин жугунду жалагычтары Бишкекке мэр боло береби?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg