www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мар Байжиев Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург, «Манас» орденинин ээси Мар Байжиевдин сөөгү бүгүн, 31-октябрда, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Ал 29-октябрда 86 жашында оорудан кийин каза болгон.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас атындагы опера жана балет театрынын алдында өттү. Жыйынды маданият министри Азамат Жаманкулов алып барып, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров, Кыргыз эл артисти Геннадий Базаров, Театр ишмерлер бирикмесинин төрагасы Жаныш Кулмамбетов, жана башкалар сүйлөдү.

Байжиевдин драмалары дүйнөнүн ар башка өлкө-шаарларынын театр сахналарында коюлган. Анын сценарийлери менен «Кожожаш» («Кыргызфильм»), «Чочун бакыт» («Өзбекфильм»), «Нөшөр» («Өзбекфильм»), «Нокдаун» («Кыргызфильм»), «Жиндилер поезди» («Кыргызфильм»), «Окуя» («Кыргызфильм»), «Алтын күз» («Кыргызфильм»), «Жаңы жыл түнү» («Казакфильм), «Эргулдар» (ЦТ «Москва»). «Окуя», «Жиндилер поезди» жана башка тасмалар тартылган.

Последние новости