www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоонуну шарапаты башталып Кыргызстанда бири-бирин мактап, жактап сүрөон менен чыга баштады. Дегенибиз менен өткөн жылдагыдай партиялар шаңыраңдаганы байкалбай турат.  Октябрь окуясында шайлоо таза өтпөдү? – деп өкүрүп чыккандардын көпчүлүгү азыр кайрадан партияга аттанып, бетиндеги беткабын сыйрып, беттерин бетон кылып акыл айтып социалдык тармакта ураалап жүрүшөт.

Эң кызыгы, октябрь окуясында эң көп күнөөлөнгөн партиядагылар атын өзгөртүп, башка партиялар менен мыйыгынан жылмайып кайрадана талапкерлигин коюп алдыңкы сапта. Болсун, болсун…деп коелу…

Белгилүү журналист Болот Абдыжапаров:

-- Ырас! Талапкерлигин коюшсун. Өздөрү ким экенин билип алышсын. Салмагы канча, кадыр-баркы канча экенине көздөрү жетсин. Сени сыйлайбыз, сени баалайбыз дегендер, курулай сөз айтып атканын өз жондору менен сезишсин. “Тирүү болсок бир дөңдө, өлсөк бир аңда болобуз” дегендер, таптакыр чоочун адам экенин көрүшсүн. Менден башканы колдобойт, менден башканы тандабайт деген жакын адамдар, таптакыр башка адамдарды колдоорун билишсин. Жөн койгула! Бир шагы сынгандан кийин эсине келээр!, - деген пикирин жазып чыкты.

Болот мырза айткандай, шайлоодон кийин талапкерлердин жүзү даана көрүнөт. Күтө туралы.

Эске сала кетсек, кечээ, 30-октябрда алты адам бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Анын айтымында, депутаттыкка талапкер катары Канатбек Исаев (№31 Чүй-Кемин шайлоо округу), Бакыт Кыдыралиев (№21 Талас шайлоо округу), Жаманкул Галдыбаев жана Абдисами Каримбеков (№11 Алай шайлоо округу), Айбек Алыбаев (Токтогул шайлоо округу) арыз жазышкан. 19), Айнуру Алтыбаева (№ 7 Ош шайлоо округу).

Тамшандырып, талапкерлерди Жогорку Кеңешти кыялданткан шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Ошентип, 28-ноябрда талапкерлердин тамсили аяктап, көптөгөн депутат болгусу келгендердин шайлоодон кийин шагы сынып, жандарынан “коёнектер” качат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости