www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Бишкек бизнес-форуму" жана "EXPO Russia Kyrgyzstan 2022/ EXPO Eurasia 2022" өнөр жай көргөзмөсүнүн ачылышында сөз сүйлөдү.
"Коопсуздук кеңешинин бул көргөзмөгө кандай тиешеси бар? Мен түздөн-түз деп айтаар элем. Мындагы долбоорлор азык-түлүк, экономика, энергетика, билим берүү системасындагы коопсуздукка тикелей таасир этет. Демек, Коопсуздук кеңешинин компетенциясындагы маселе", — деди Иманкулов.
Ал белгилегендей, бул көргөзмөнүн мааниси абдан чоң. Анткени жарандар менен ишкерлер Орусия экономикасынын жаңы жетишкендиктери менен тааныштырып, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдейт.
"Мен Орусия тарапка көргөзмөнү уюштурганы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул зор эмгек жана абдан чоң инвестиция экенин билем. Кыйынчылыктарга карабай, биздин россиялык өнөктөштөр иш-чараны өз эсебинен уюштурушту", — деп кошумчалады Иманкулов.