www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөрдөн казылган алтындын көлөмү белгилүү, Улуттук банк резервден саткан алтындын көлөмү, баасы белгилүү. Ал эми 19 тонна алтынды кимге сатты деген суроо менимче маанилүү деле эмес. Мындай пикирин журналист Марат Тагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Канча күндөн бери Facebook социалдык тармагында Кумтөрдүн алтынын, акчасын издеп жатты эле президент жакшы жооп бериптир.
Ооба, ар ким суроо бергенге укугу бар. Бирок бизде мамлекеттик институттар бар эмеспи. Мисалы текшерүүгө жиберген Эсептөө палатасы Тенгиз Бөлтүрүктүн шектүү иштерин таап чыгыптыр. Эсептөө палатасынын корутундусу менен Башкы прокуратура мекемелер аралык тергөө тобун түзүп, иликтөөгө киришти.
Эгер бийлик бири-бири менен келишип алып, ич ара алтын бөлүшүп жатса, ниети таза эмес болсо Бөлтүрүктүн шектүү иштерин эмнеге таап чыкмак эле?
Эми Бөлтүрүк эки жылдагы иш үчүн Кабминге отчет берет. Башкы прокуратура иликтөөсүн аяктайт. Андан соң өкмөт парламентке отчет берип, ал коомчулукка жарыяланат. Тартип ошондой болуш керек. Кумтөрдөн казылган алтындын көлөмү белгилүү, Улуттук банк резервден саткан алтындын көлөмү, баасы белгилүү. Калганы жөн гана математика.
Улуттук банк резервдеги алтынды сатканын айтты. Резервдеги алтынды сатса, мамлекетке өткөн Кумтөрдүн алтынына расчет кылып сатты да. Биз мындан ары Кумтөрдүн алтынын резервге түшчү, казынанын алтына катары түшүнүшүбүз керек го.
Ал эми 19 тонна алтынды кимге сатты деген суроо менимче маанилүү деле эмес. Мага десе Марска алып чыгып сатсын, башкысы арзан сатпаса, акча келип түшсө болду. 2021-жылы Кыргыз алтын Лондон биржасындагы good delivery макамынан ажыратылганын дагы унутпашыбыз керек.
Кабмин, Башкы прокуратура Бөлтүрүктүн отчетун уккандан кийин акыл калчап, таразага салып анан тыянак чыгарса керек. Мүмкүн чын эле кымбат алынган оокаттар бардыр, мүмкүн Эсептөө палатасы адатынча бул Талантка эмнеге 5 миң доллар айлык койдуң (мурда Таланттын ордунда иштеген кайдагы бир Джон 50 миң $ айлык алгандыр) бул буюмду эмнеге 5 сомго эмес 6 сомго алдың деген суроолорду койгондур. (2021-жылы карайлап калганда кымбат алса алгандыр)
Албетте, күдүк ой жараткан маселелерге бийлик тез жооп берүүгө милдеттүү. Жооп берип эле жатат окшойт. Бирок шайлоодо марага жетпей калган кандидаттар күдүк жараткан суроолорду да максаттуу бере турганын эске алуу керек», - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 27-августта Садыр Жапаров Кумтөр кенинин айланасындагы маселелерге жооп берип, социалдык тармакта «19 тонна, 21 тонна алтындарды жашырып коюшуптур» деген кеп-сөз боюнча да үн катты.
Алтынды сыртка алып чыгуу боюнча маалыматтар мындан ары да коомчулукка ачык айтылбастыгын билдирип, ага түшүндүрмө берди.
Эске салсак, Министрлер кабинети 23-августта, «Кумтөр голд компани» компаниясында финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, аны жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилгенин кабарлаган.
Бирок, буга карабастан Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылган.
Ал эми «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жаңы жетекчилигине Алмаз Барыктабасов дайындалды.
Булак: NazarNews.kg