www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жаңы жетекчилигине Алмаз Барыктабасов дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалым болгондой, ал буга чейин "Кумтөрдүн" ички структураларында иштеп келген жана Барыктабасовдун эки жогорку билими бар, инженер-механик, шахтада 20 жылдан ашык иштеген. Ал оор техника гаражынын жана техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы болгон.

Министрлер кабинети 23-августта, "Кумтөр голд компани" компаниясында финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, аны жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилгенин кабарлаган.

Бирок, буга карабастан Теңгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылган.

Ал эми Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштаганы кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости