www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калааны уруксатсыз орнотуулардан бошотууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрия «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте борбор калааны уруксатсыз орнотуулардан бошотууда.

Инспекция объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугу боюнча күн сайын текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берүүдө.

Бишкек шаарынын прокуратурасынын сунушу менен Чүй проспектисинин боюндагы №146 үйдүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Киев көчөсүнөн кире бериштен «Бета Сторес» соода борборунун администрациясы тарабынан орнотулган тосмолор демонтаждалды.

Түшүндүрүү иштеринен кийин Ак-Өргө конушунун Өмүракунов көчөсүн бойлой 4 даана 40 тонналык контейнерден турган тиешелүү документтери жок 2 кабаттуу объект өз ыктыяры менен демонтаждалган.

Учурда 12-кичирайондун Токомбаев көчөсүндөгү уруксаты жок темир тосмолорду демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости