www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда педагогика багытындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуткан мугалимдер жетишсиз. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл бүтүрүүчүлөр үчүн баардык тармак боюнча 5 миңдей бюджеттик орун берилет.

«Педагогика багытындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуткан мугалимдер жетишсиз. Ошондой эле Баткенде башталгыч класстын орус тилдүү мугалимдерине дагы суроо-талап жогору. Мындан улам Россиядан 30 мугалим келген», - дейт ал.

Үсөналиев жалпы республикалык тестирлөөнүн босого чеги 2021-жылы кандай болоору боюнча кеңеш өткөрүлөрүн белгиледи.

«Былтыр айыл чарба багытындагы кесиптердин босого баллын түшүрүп бергенбиз. Мындан сырткары, куралдуу күчтөр, ички иштер, көркөм өнөр жана дене тарбия институтунун босого баллы түшүрүлгөн. Башкаларында кажет жок эле», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости