www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марипов:

Бардык райондук администрациянын башчылары-акимдер жана орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Ошондой эле кадрларды ротациялоо принциби ишке киргизилет. Мындай пикирин премьер-министр Улукбек Марипов өз кайрылуусунда билдирди.

Мариповдун айтымында, кадрлардын алмашуусу аймак жетекчилеринин натыйжага жана сапатка иштөөсүнө түрткү берет.

«Аттестациялоо иштери өтө жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шарттарда өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда өтөт. Президенттин жарлыгынын алкагында жана менин тапшырмамдын негизинде аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүүдө. Ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү аймактан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет», - деди Марипов.

Ошондой эле ал ротациялоо тажрыйбасы укук коргоо органдарынын ишинде активдүү колдонулуп келгенин, мунун жакшы жагы райондук эле эмес, республикалык масштабдагы адистердин калыптануусун шарттай турганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости