www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22 жаш улуу, кызганчаак күйөөмдү жек көрүп баратам

Жогорку окуу жайын быйыл аяктадым. Окуп жүргөн убакта бир жигит менен таанышып калдым. Экөөбүз эки-үч жылдай сүйлөштүк. Бирок абдан көп урушаар элек. Той белгиленди, бирок экөөбүз дагы деле түшүнбөстүктөн тартыша бердик, уруша бердик. Акыры “сени менен жашашыма көзүм жетпей калды, жашай албайт окшойбуз” деди.

Ошентип тойго аз күн калганда тойду токтоттук. Токтотуп салгандан кийин жиним келди. Эки-үч күн ыйлап жүрдүм. Анан көптөн бери колумду сурап жүргөн өзүмдөн 22 жаш улуу адамга макулдугумду берип, тез арада турмушка чыгып кеттим. Жигитим да үйлөнүп алды. Экөөбүз бири-бирибизге эрегиштик. Көп өтпөй ал кайра эле ажырашып кетиптир. Мен болсо күйөөмдүн кызганчаактыгынын азабын тартып, күн санап соолуп баратам. Жакында мурдагы жигитим “ажыраш, бири-бирибизсиз жашай албайбыз. Сенин бактысыз экениңди билем” деген кат жазды. Кош бойлуу болуп отуруп, андайга кантип барам? Бирок кызганчаак күйөөмдү жек көрүп баратам...

Айдай

Последние новости