www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Кошмо штаттары жакынкы арада SolarWinds компаниясына жасалган хакердик чабуулга байланыштуу жооп кайтараарын билдирди.

Орусия уюштурушу мүмкүн делип жаткан чабуулдун жыйынтыгында Американын бир нече мамлекеттик мекемелеринин иши жабыркаган болчу.

CBS телеканалына берген интервьюсунда Саливан Ак үй кибердик чабуулду уюштургандарды аныктоону Чалгындоо кызматтарына тапшырганын кошумчалады.

“Бул харкердик чабуул кандай болгон, канча зыян алып келди, анын мастшабы кандай экенин аныкташ керек. Учурда анын үстүнөн иштеп жатабыз,”- деди Саливан.

Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи бул боюнча жоопту даярдоого бир нече ай эмес, бир нече жума гана керек экенин кошумчалады.

АКШнын өкмөттүк мекемелерине кибер чабуул коюлганы былтыр декабрда кабарланган. Аны учурда Орусияда жайгашкан хакерлер тобу уюштурушу мүмкүн экени айтылган. Бирок Орусиянын бийлиги мындай дооматтарды четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости