www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү ырчы, Бек Борбиев Райымбек Матраимов тууралуу төмөнкүчө пикирин жазып чыкты.

Досумдун көп касиеттерине баа бердим. Биринчиден качкан жок! Качуу мүмкүнчүлүгү шарты болсо дагы, мунусун ак экенимди далилдейм, күрөшөм дегени деп туйдум. Экинчиси «менеджэрлик» үчүн 2 миллиарддан ашык акча мамлекетке төктү. Кана ошол номер 1чилер 1 тыйын төктүбү, жок. Алар 2,3 жыл олтуруп чыгып кетем, акчам өзүмдө калат деп түрмөдө. Сапар Исаковду качырып, качпай жооп берип, тергөө менен иштешип жаткан адамды камоо, таң калычтуу мага. Өзү биздин бийликке эмне жагат? Качып кеткендер демек туура кылып жатыптыр да, чыгымды төлөсөк деле баары бир камашат деп. Муну менен кийинки кусам дегендерге качууга себеп бердиңер окшобойбу?

Бир жолу досум, «Атамбаевге кирип, мени кызматтан алам деп турасыз, билем. Баткен облусуна губернатор кылып жибериңиз, 6 завод фабрика курам, бир көп кабаттуу үйлөрдөн турган микрорайон салам. Ар бир ишканада 10, 20 миңден кем эмес жумушчу оруну болот» десе, тиги Райымдан 10 эсе бай адамыбыз коркуп кетиптир. Эмнеге, анткени Баткен өнүгүп, башка тарап итке минип турса албетте АШАга чоң минус, досум «герой» болуп кетмек.

Жакындан кабарым жок, бирок угушума караганда мамлекетке акча төгүү үчүн мал жандыктарга чейин саттырыптыр. Негизи акча колдун кири, ден соолук болсун өзүңдү кара досум, бул күндөр да өтөт. Алыскы жылуу, деңиздин боюнда кайыкта термелип олтурганды тандабай, өз элиңди жериңди тандап, акыйкатыңды издеп олтурасың. Баарына Кудай бар! Кечээ митингде, бизди чийип ордубузга алып келген досторуң көрүнгөн жок, убактылары болбой калды окшойт, - деп жазган Бек Борбиев.

Эске сала кетсек коомчулук арасында Райымбек Матраимовду мыкты стратег экени айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости