www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Марипов элге кайрылуу жасады

Премьер-министр Улукбек Марипов жарандарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Премьер-министрдин кайрылуусунда төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров быйылкы жылдын 29-январында «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Президентибиздин башкы тапшырмасы – кадрларды тандоо системасын жана практикасын кардиналдуу өзгөртүү.

Муну ишке ашыруу үчүн биринчи этапта системалуу түрдө (мезгил-мезгили менен) бардык райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлөт. Ошондой эле кадрларды – акимдерди ротациялоо принциби ишке киргизилет, же район акимдери башка райондордон дайындалат.

Бул иштердин башкы максаты:

– элдин ынтымагын бекемдөө;

– мамлекеттик кызматта түндүк-түштүк деген түшүнүктөн арылуу;

– кадрдык трайбализм, кландуулук оорусун түп-тамырынан бери жок кылуу;

– «тааныш-билиштердин» мамлекеттик башкаруу кызматтарына келишин токтотуу;

– жеке кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, айрыкча инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосундагы келишпестиктерди болтурбоо;

– системага айланган коррупциялык схемаларды жок кылуу.

Муну менен биз жер-жерлердеги жетекчилерди натыйжага жана сапатка иштегенге түрткү беребиз.

Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин: биз бир ууч эле элбиз. Бизге бекем ынтымак гана керек!

Аттестациялоо иштери өтө жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шарттарда өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда өтөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында жана менин тапшырмамдын негизинде аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүүдө. Ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү региондон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет.

Ротациялоо практикасы укук коргоо органдарынын ишинде активдүү колдонулуп келет. Мунун жакшы жагы – райондук эле эмес, республикалык масштабдагы адистердин калыптанышында жакшы натыйжаларды берүүдө.

Мындай кадам өлкө саясатын ишке ашырууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу кадрлардын күчтүү резервин түптөөдө негизги өзөктөрдүн бири болот. Аттестациядан ийгиликтүү өткөн мамлекеттик администрациялардын башчылары жана анын орун басарлары карьералык баскычка көтөрүүдө негизги талапкерлердин бири катары каралат.

Бул чечимдерибиз эл тарабынан туура кабылданып, колдоо табат деп ишенем.

Мен өз өлкөмдүн патриот уулу жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катары аймактарга өз ишин мыкты билген профессионалдар келишине абдан кызыкдармын!

Биз күчтүү Кыргызстанды бирге курабыз деп бекем ишенем!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости