Камчыбек Ташиев Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусуна жооп берди
Саясат  |   |  1127

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашевге өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу жооп берди. 

"Б.Жумашев К.Жумалиевдин мүлктөрү тууралуу туура эмес маалыматтарды айтты деп жатат. Анда угуп алыңыз: мен чындыкты айткам. Жумалиев бир жер тилкесин 17,0 миң сомго алып, аны бүгүнкү курс менен эсептегенде 185,0 миллион сомго эч кандай салык төлөбөй саткан.  Буга эмне дейсиз? Мына ушундай, урматтуу жактоочу. Эми ал мамлекеттен уурдаганынын баарын кайтарат, биз аны мыйзам чегинде мажбур кылабыз", - деп жазылат. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями