www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марипов мамлекеттик кызматкерлерди сындады

Социалдык тармакта түз эфирге чыккан премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт мүчөлөрүнө, мамлекеттик кызматкерлерге кайрылды.

"Эмне үчүн бардык маселелер өкмөткө келип такалат. Себеби жер-жерлерди тийиштүү жетекчилер, аймактардагы жетекчилер жана башка агенттиктин жетекчилери өз тармактарында, өз убагында маселелерди чечпегендиктен, жарандарыбыз социалдык тармак аркылуу, кагаз жүзүндө аргасыздан бизге кайрылып жатышат.

Ошон үчүн урматтуу жетекчилер, учурдан пайдаланып айтып кетейин, сиздер тараптан коомчулук менен болгон байланыш жакшы эмес. Начар деп айтсак болот. Ошондуктан төгөрөктүн төрт бурчунан жарандарыбыз ушул жакка чейин келип жатат.

Өкмөттүк деңгээлдеги маселелерди колдон келишинче чечип жатабыз. Ар бир тармак өзүнө тиешелүү көйгөйлөрдү чечиши керек", - деди Марипов.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости