www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы А.Г.М аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Г.М УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлгөн.

Тактап айтканда, А.Г.М. аттуу жаран А.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, «ДСШ» маркасындагы көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 кг көмүрдүн баасы 1,6 сомдон) сатууга убада берип, андан соң алдоо жолу менен 100 миң АКШ долларын алып кеткен жана ар кандай шылтоолор менен мурда алган акчасын кайтаруудан баш тарткан.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплексинин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда ЖПКнын 96 жана 97-беренелеринин тартибинде ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча КР жараны А.Г.М  кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, жогорудагы А.Г.М.нын кылмыштуу аракеттеринен жабырлануучу тараптар болсо КР УКМКга 0312 660475, 0312 626504, 0322 70009, 0997 464603 (WhatsApp) телефондору аркылуу кайрылыңыз.

Последние новости