www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекти кышында кара түтүн каптабаш үчүн азыр иш жүргүзүү керектигин айтты. Бул тууралуу Депутат Марлен Маматалиев бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жогорку Кеңеште кара түтүн маселеси боюнча абанын булганышы тууралуу токтом кабыл алынган. Ошол токтомду аткарсаңыз кара түтүн азаят. Эртең эле кыш келип калат. Кара түтүн каптаганда күрөшпөй, көйгөй менен азыр күрөшүү зарыл. Эртең Бишкекти кара түтүн каптаса, эл нааразы болот", - дейт депутат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов токтом долбоору эске алына турганын айтып, бул маселе боюнча иш үзгүлтүккө учурабаганын билдирди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости