www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйыны болуп өттү. Анда депутат Марлен Маматалиев эпидемиялык абалга байланыштуу элдин бир айлык кредитин кечсе болбойбу деген маселени көтөрдү. 

“Коронавирус илдетине байланыштуу биздин жарандарыбыз насыяларын төлөй албай кыйналышты. Ушул элдин жок дегенде бир айлык насыясын кечсек болобу?, – деген суроосуна Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жооп берди: "Кыйналып жаткан калктын бир айлык насыясын жапканга 256 миллион жетпейт. Жардам берүү үчүн так критерий болуш керек”, – деди 

“Биз комитеттен чечим кабыл алып бергенбиз. Өкмөттүн резервине тышкы карыздарды төгүү максатында 4 миллиард сом сарптаганбыз. Ушул акчанын 2 миллиардын тышкы карызга жаба турган болсо, 300 миллионун насыя жапканга сарптасак кандай болот деп тапшырма бергенбиз. Сиздин оюңуз боюнча ушул акча каражат жетеби?”, – деди депутат Маматалиев.

Улуттук банктын төрагасы бул маселе боюнча өкмөт менен такташып, дагы маалымат бериле турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости