www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Москва шаардык соту 15-июнда камактагы америкалык жаран Пол Уиланды 16 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар

Прокурорлор буга чейинки сот жараянында аны 18 жылга түрмөгө кесүүнү суранышкан.

Уилан соттогу акыркы сөзүндө кылмыш кылбаганын айтып, өзүн актоону судьядан сураган. Анын соту 20-апрелде башталган.

Бир эле учурда Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны болгон, мурдагы деңиз аскери Пол Улиан 2018-жылы 28-декабрда кармалган. Ал Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана келгенин айткан. Америкалык жаранга АКШнын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылган деген айып коюлган. Колго түшкөн маалында мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтар табылганы айтылган.

48 жаштагы Пол Уилан Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан «BorgWarner» аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеген. Мичиганда жашаган жана кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

Дооматтарды четке каккан Уилан “бул иштин артында саясат турат. Россия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт” деп эсептейт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости