www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаңы регламент иштин жигердүүлүгүн, депутаттардын жоопкерчилигин күчөтөт», - деди бүгүн, 4-июлда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

- Марлен Абдырахманович, жаңы регламенттин дагы кандай артыкчылыктары бар?

- Албетте, мандатымдан ажырап калбайын деп депутаттар себепсиз жумуштан калбай, келип башташат. Депутаттардын баары жумушка келсе, иш жигердүү болот. Мыйзамдар толук жана жакшы талкуу болот. Бул биринчиси.

Экинчиси, бул регламент кабыл алынса, бирөө бирөөгө добуш бере албайт. Депутаттарды каттоо жана добуш берүү бармак изи жана faceid (бетинин гана таануусу) менен гана болот. Буюрса, бул нерсе талаштуу маселелерге чекит коёт. Күмөн саноону жок кылат.

- Бирок, айрымдар бул регламент ишке кирсе, депуттардын укугу тебеленет. Депутаттар спикер иштен кууп жиберет деп коркуп, элдин укугун коргой албай калат. Спикерге жакпаган маселени көтөрө албай калат деп жатышат го? Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Эч качан андай болбойт. Тескерисинче, бул регламент иштин жигердүүлүгүн, депутаттардын жоопкерчилигин күчөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости