www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таштагы аскер бөлүктүн командири Алтынбек Тынаев жоокер Элдияр Жайлообековдун өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, каза болгон жоокер аскердик унаалардын паркын кайтарган. Анын денеси жанынан эки октун гильзасы табылган.

"Түнкү саат экиде мага телефон чалып, ок атылганын айтышты. Бир мүнөттөн кийин дагы бир жолу октун үнү чыкты. Аны резервдеги топ таап чыгышты. Ал бордюрда отуруп алып, өзүн атып салган", — деди Тынаев.

Эске салсак, Кой-Ташта жоокер каза болгонун анын жакындары бүгүн эртең менен кабарлашкан. Алар май айында ант берген жоокердин өз жанын кыйды деген версияга ишенбейт.

Булак: Kaktus.media

Последние новости