www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-июлда Атырау шаарынын борбордук аянтындагы митингден кийин ондогон киши кармалганы белгилүү болду. Кармалгандардын бир бөлүгү сурактан кийин бошотулган. Бул тууралуу Атырау облустук полиция департаменти кабарлады.

Жергиликтүү басылмалар - митингге чыккандар Атырау шаарында иштеген каракалпакстандыктар экенин жазышты. Алар Ташкен сунуштаган конституциялык реформаларга нааразы болгон мекендештерине тилектештик билдирген.

“Аянтка 75тей киши чыкты. Алар уруксатсыз митинг өткөрүштү. Көбү кармалды, сурактан кийин бошотулушту. Ушул тапта бизде “Мигрант” аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өтүп жатат. ”Кармалгандардын арасында Атырау облусунда документсиз иштеп жүргөндөр болгон. Аларга административдик айып пул салынды. Көбү бошотулду, айрымдары соттун чечимин күтүп жатат”, — деп билдирди департамент.

Полиция департаменти кармалгандардын арасында өзбекстандыктардан башка да чет өлкөлүк жарандар болгонун кошумчалады. Каракалпакстандагы нааразылыктарга байланыштуу Өзбекстан Казакстандын Маңгыстау облусундагы чек ара өткөрмө бекетин жапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости