www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапонияда «Аере» тайфунунун болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги NHK телеканалына шилтеме берип жазды. Аны менен байланыштуу Жапониянын түштүк-батышындагы Миядзаки префектурасындагы Ничинан шаарынын тургундары эвакуацияланды.
«Эвакуация Жапонияда 4-даражадагы тайфундун жакындашынан жана катуу жааган жамгырдан жер көчкү коркунучунун күчөшүнөн улам жарыяланды», — деп айтылат маалыматта. Бул коркунучтун беш даражасынын төртүнчүсү экени белгиленет. Тайфун түштүктөн түндүктү көздөй жылып баратат.
«Шейшемби күнү Кюсю аралынын батыш учуна жеткенде, ал багытын өзгөртүп, шейшембиден бейшембиге чейин өлкөнүн түндүгүн кошпогондо, батыштан чыгышка өтүп, Токиого таасир этет деп күтүлүүдө.
Борбордо катуу шамалдын ылдамдыгы секундасына 18 метрден 25ке чейин жетет. Басым 996 гектопаскаль. Ушул саатка чейин тайфундун күчүн так болжолдоо мүмкүн болбой жатат”, - деп жазат РИА Новости.