www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Марлен мырза, сизди “чет өлкөгө студенттерди окутат экен” деген маалымат соцтармактарда өтө пиарга айланды. Жаштарга кандай окуу сунуштап атасыз?
-- Ооба, жаш улан-кыздарды чет өлкөгө окууга жиберүү боюнча ишти үч ай мурда баштаганбыз. Бул демилгени колдоого алганга мага жаштар конгрессинен кайрылышканы себеп болду. “Жаштар, жаштар эле дейсиңер, лозунг бойдон калып калууда, реалдуу бир жардам бербейсиңерби?” дешти. “Кандай жардам керек?” деп кызыгып калдым. Анда алар “Германия, Кытай менен сүйлөшүп жатабыз. Биздин жарандарды окутканга макул болушту. Бирок, балдарга жардам иретинде окуу төлөмдөрүнө каражат керек” дешти. Мен өз мүмкүнчүлүгүмө карап, 22 баланын окуу төлөмдөрүн каржылап бергенге макулдугумду бердим. 22синин 17си Кытайга, 5 бала Германияга окумай болушту.
-- Окууга жиберилчү балдар кантип тандалат жана алардын келечеги кандай болот?
-- Өзүңүздөр билгендей, чет өлкөлөрдөгү ЖОЖдорго окуу үчүн сөзсүз тил билиши керек. Тилди бул жерде деле үйрөнсө болот. Бирок, практика жүзүндө ошол жакта жашап, окуса бат үйрөнөт. Долбоорду чын дилимден колдоого алдым. Кытайга кетчү балдардын окуу төлөмдөрүн жаңы жылга чейин төлөп бүтүргөнбүз.
Ал эми ал балдар кантип тандалды? Жер-жерлерде сынак өткөрдүк. Сынак өткөрөрдө мен эки шарт койдум: биринчиси, билимге умтулган, бирок үй-бүлөдө окутуу мүмкүнчүлүгү жок, кыйналып жашагандардын балдарын тандап алуу. Экинчиден, ошол балдар Кыргызстанга сөзсүз түрдө кайтып келип, мекенди өнүктүрүүгө салым кошушу керектиги. Сынактар бүттү. Тандалып алынды. Жол киресинен башка, балдардын окуусу, жатаканасы, тамак-ашы толугу менен төлөнүп берилди.
-- Балдар канча жыл окушат?
-- Окуу системасы мындай: кайсы мамлекетке барбагыла, ал өлкөнүн тилин үйрөнгөнгө бир жыл, же жарым жыл убакыт курстарга окууга кетет. Ал жактагы ЖОЖдордун, академиялардын алдында тил үйрөнүү курстары бар. Тил билип алып, кийин ошол окуу жайда калып, жогорку билим алганга толук жол ачылат.
-- Ошондо сиз курстарга окутуп жатасызбы?
-- Ооба. Бир жылдык, айрым ЖОЖдордуку алты айлык курстар экен, ошолорго балдарды окутканга жиберип жатабыз. Балдардын 80%ы бир жылдык, 20%ы алты айлык курстарда окушат. 17 баланын окуу акысы алдын ала толук төлөндү.
-- Россияда тамак-аш ташып иштеген Бекзатты да ушул долбоор аркылуу чет өлкөгө окутууну колго алыпсыз. Муну Бекзат тууралуу репортаждан кийинки пиар кадамыңыз катары сыпаттап жатышат?..
-- Биз бул долбоорду ишке ашырып болгон соң, “Азаттыктан” Россияда тамак-аш ташып иштеген Бекзат тууралуу репортаж чыгып калды. Мен аны көрдүм. Адам катары Бекзатка боорум ооруп, ошол баланы окууга жибергенге шаштым. Жаштар конгрессине кайрылып, ошол баланы сынаксыз өткөрдүк. Германияда бир жылдык курска окуу акысын, ал жакка жеткенге жол киресин да төлөп бермей болдук. Бекзатка өзүм чалып сүйлөштүм, депутат экенимди айткан жокмун. “Бекер окуйсуң” десем, аябай сүйүндү, жардамым тийип жатканына мен да сүйүндүм. Анан ошол иш пиар болуп кетти. Негизги максат пиарда эмес, жаштарыбызга колдоо болуу, мигрант, кыйналып жашаган үй-бүлөлөргө жардам кылуу эле. Эмнеге мүмкүнчүлүгү барлар мындай жакшылыктарды кылбашыбыз керек?! Акыркы учурда коомчулукта негатив эле болуп жатат. “Жакшы иш кылайын” десең эле соцтармактардан сындап, жамандап жатып калышат айрымдар. Мен тууралуу жазгандарга капа болдум.
-- Баткендин кулунусуз. Ал жактагы чек ара көйгөйүн жакшы билсеңиз керек. Чырдын улам-улам чыгып, басылбай, чечилбей жаткан негизги себептери кайсылар?
-- Менин атам вице-премьер-министр болуп, чек ара маселесин карап иштеген. Атамды мактагандай болбоюн, бирок, ал иштеген учурда эң негизги чоң иш жасалып калган. Ворух анклавына жол мурда Тажикстан аркылуу өтчү. 2014-жылы өзүбүздүн территория менен өткөн жол курганга жетишип алдык. Эң жетишкендигибиз ушул болду менимче. Анткени, чырдын баары эки өлкө элинин аймактар аркылуу каттаганынан келип чыгууда. Тажик тарап биздин жерлерди өзүнө алганга аракет кылып жатат. Акырындап кирип келип, анклавды бириктирип алганга күч жумшап атышат. Биз буга жол бербешибиз керек. Биздин бир метр жер тилкебиз да жөн берилбеши керек. Ансыз деле 50-60тай үйлөрдү сатып алышып, “биздин жер” деп талап коюп атышыптыр. Азыркы чече турган зарыл иш – ошол жерде шахмат сыяктуу болуп жайгашып калган жерлерди эл менен сүйлөшүп, биздин кызыкчылыкка туура келгидей кылып, анча-мынча алмаштыра турган жерлерди айрыбашташ керек. Ансыз жер талаштан чуу чыга берет.
Динар ТУРДУГУЛОВА
Булак: "АЗИЯnews"