www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын поп-королу өзүнүн балет бийчиси Александра Сивкова менен мамилеси бар деген имиштерге комментарий берди.
Филип Киркоров 50 жылдыгынын алдында “Секрет на миллион” деген программанын коногу болду. Анда алып баруучу Лера Кудряцева поп-королдон балдары тууралуу, Алла Пугачева менен болгон мамилеси жана азыркы романдары тууралуу сурап сырларын чыгарып алды.
Сөз башында ырчы көп жылдан бери жөнөкөй транспортко түшө электигин моюнуна алды. Киркоров лимузин, жеке самолет мене гана жүргөн жана акыркы убактан бери жеке поезди менен да жүрүп калды. Филип атайын бир нече вагондорду сатып алган. Анда артисттин жеке гардеробу, ашканасы жана жуунучу бөлмөсү бар. Ырчы эч качан жөнөкөй поездге отурбаганын айтты:
-Ким уруксат берет? Мен поездге да, метрого да түшкүм келет,- дейт ырчы.
Программанын алып баруучусу Лера кудряцева ырчыдан кызыгып, анын жеке жашоосу жолдо өтүп жаткан жокбу деп сураган.
-Кайдагы жеке жашоо? Менин жеке жашоом баякыдай болбойт,-деп Филипп Алла Пугачева менен болгон никесин кыйытты. –Ар бир салыштыруу мурунку эске түшүрүүлөргө (воспоминание) тең келбейт. Ооба кээде көңүл болуп калат, бирок тез эле тарап кетет.
Бирок Лера Кудряцева Филиптин “гастролдук аялы” бар деген имиштерге комментарий берүүсүн өтүндү. Ырчынын өзүнүн балетиндеги бийчи Александра Сивкова менен романы бар деп айтып келишет. Ырчыга суроо узартылары менен Александра студияга кирип келди. Кыз Филипп менен ар күн сайын убакыт өткөрөөрүн айтты. Ал менен бирге иштейт, газтролдоп жүрөгөндө көңүлүн ачат, Филипп менен киного, музейге жана жада калса зоопаркка да барат.
Филипп Александра жеке машыктыруучусу экенин кошумчалады.
-Прессалар сизди Филипп Киркоровдун “гастролдук аялы” деп аташат. Бул чынбы?-деп Лера Кудряцева түз эле сураган.
-Филипп аркасынан жүргүң келген эркектердин катарына кирет. Мен аны аябай жакшы көрөм,-деп балерина жооп берген.
Ошону менен катар Филипп Александранын акылдуулугу жана эрудициясы өзүнө тартып турарын айтты.
Булак: NazarNews.kg