www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын эң башкы окуясы - парламенттик шайлоо. Өлкөдөгү бардык саясий күчтөр буга даярданып, кантип жеңишке жетүүнүн айласын издеп жатса, шайлоо эрежеси али тактала элек деп али шашпагандары да арбын. Бийлик дагы азырынча өз партиясынын атын атай элек. Бийликтен тышкары калган оппозициялык күчтөр чогула алабы? Мындан аркы процесс кандай жүрөөр экен деген багытта айрым саясатчыларга, серепчилерге кайрылдык.

Феликс Кулов, Коомдук ишмер:

--Менимче азыр белгисизиреек, айтууга эрте болуп турат. Жазында буйруса көрөбүз. Азыр эч ким акыркы жыйынтыктарга бара элек. Кандай болот ким ким менен биригет, өз партиялары мененби же коалиция менен барабы эч нерсе чечилбей эле турат. Көп саясатчылар, депутаттар аракеттерин көрүп, шахмат доскасын алдыга койгондой жүрүштөрдү ойлонуп жаткан учурлары.  Бул ойдогудай эле процесс. Саясат ушундай. Биз тууралуу айтсак шайлоого мен барбайм бирок биздин тажрыйбасы чоң партиябыз албетте шайлоого катышканы турат. 

--Ташболот Балтабаев, коомдук ишмер

--Оппозиция чогула албайт. Ар биринин амбициясы асмандын башында. Бир пикирге келе алышпайт. 

--Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер:

--Аты кандай болот, бирок бийликтегилер бир партияны алып чыгышат. Азыр көпчүлүк бийлик кайсы партияны алып чыгат? Аты кандай болот? “Кыргызстан болобу, “Биримдик” же “Бирг” болобу айтор эки үч ай аралыгында сөзсүз билинет. Негизи алар бир эки партияны сөз жок алып чыгышат. Себеп дегенде бийликти сактап калыштары керек.  Буга көнүп беребиз.  Алар адмнистративдик ресурс, акча менен чыгат. Бийлик бүгүнкү күндө чоң бизнес болуп калган. Бийлике кимдин тиешеси болсо, же бийликте тургандардын жакындары болсо анда алар миллиардер болуп чыга келишет.  Парламентте бийликти бөлүштүрүүнүн башында отуруу үчүн чоң салгылашуу болот. Ал эми башка бийлик тизмесине кире албай калгандар тууралуу айтсак, алардын ар биринин өзүнчө чоң амбициясы бар. Алардын чогулуп бир күч боло турганы тууралуу сигнал жок. Чогулуп, сүйлөшүп жатышат. Бирок тизмеде кимиси, экинчи болот. Ошол жагына келгенде эле чалкаларынан кетип жатышат. Ошондуктан келе жаткан шайлоо процесинде бийликтин мүмкүнчүлүгү оппозияга караганда жакшыраак. Бирок турмушта ар кандай боло берет. 

Шайлоо процесси эки жыл мурун эле башталган. Парламентке келген адамдар мандатты алган сон келечектеги шайлоо тууралуу ойлонбосо уттуруп койушу ыктымал. Ошондуктан парламенке келгенден баштап эле келечегин ойлошот. Шайлоочулар менен менен жолугуп, массалык маалымат каражаттарына кайра кайра чыгып, келечектин добушун алалы деген аракеттерин көрө башташат. 

--Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу:

--Биринчи бийлик өз партиясын түзөбү түзбөйбү маселе ошондо. Түзсө анан калганын көрө жатаарбыз. Бийлик деп президентти айтып жатабыз. Бирок ал партия түзөйүн деген оюм жок деп айтты. Ошон үчүн президент өз партиясын түзөбү түзбөйбү али ачыктала элек. Президент эч бир аракет баштай турат. Ал жалпы кыргызстанга мени кыргыз эли шайлаган деп айтты. Ошон үчүн аракети болбой калышы да мүмкүн.

Аракет кылган төбөсү көрүнгөн да көрүнбөгөн да саясатчылар көп. Бирок кимге добуш беришти эл чечет.

--Медет Тулегенов, саясат талдоочу:

--Бүгүнкү күнгө чейин бийлик Атамбаев жана анын партиясы КСДП менен алек болушту. Азырынча бийлик партиясын түзө элек. Бирок алар үчун партия түзүү көйгөй эмес. Убакыт көрсөтөт. Бир эле  эмес дагы 2-3 партия бийликти жандаган партиялар болот. Алар жаңы партиялар же болбосо эски бренд менен таанылган эки партияны алып, таптакыр жаңы курам менен чыгышы мүмкүн. Калгандары боюнча айтсак өтө курч оппозисиялык партия азырынча жарк этип чыга элек. Болочоктогу опозициялык партиялар, алардын биригүүлөрү тууралуу айтууга азырынча эрте болуп турат.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Последние новости