www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жүргүнчү ташыган эки фирмага 13 миң сомдон айып салынып, 34үнө эскертүү берилди. Бул тууралуу Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов парламенттин жыйынында билдирди.
Анда депутат Бурун Аманова иш таштагандардын лицензиясын алып башкасына берүүнү сунуштады. Бирок Кудайбергенов муну аткаруу мүмкүн эместигин белгиледи.
«Биз 34 фирмага эскертүү жазып бердик. Ал эми Транспорт министрлигинин инспекциясы экөөнө 13 миң сомдон айып салды. Баарынан баш тартуудан алыспыз, айдоочуларды дагы түшүнүп жатабыз», - деди мэрдин милдетин аткаруучу.
Борбор калаада эки күндөн бери маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай жатат. Алар жол кирени көтөрүү талабын коюшууда.
Булак: NazarNews.kg