www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-апрелдин таңынан тарта борбор калаабыздын жашоочулары маршруттук таксилердин караанына зар болушту. Шаардыктар жумушуна, балдар бакчаларына өз убагында жете албай, бир топ эле көйгөй жаралды.
Бул массалык түрдөгү иш таштоо маршруттук такси айдоочулардын өздөрүнүн демилгеси болгонбу же кимдир-бирөө атайылап уюштурганбы? Мына ушундай суроо ошол замат эле жолдоно баштады. Айрым маалымат булактары муну шаар мэри менен шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси уюштурган деп жазып чыкты.
Ал эми ЖК депутаты Ирина Карамушкина болсо, маршрут айдоочулардын иш таштоосу коррупциялык схемалар үчүн кызматтан кеткен шаардык транспорт Башкармалыгынын мурдагы директорунун атайын пландаган акциясы деп айтып чыкты. «Бул акция шаардык жана мамлекеттик бийликтин кадырын кетирүүгө багытталган. Иш таштоонун уюштуруучусу Шаардык транспорт башкармалыгынын экс-директору. Анын мурда эле финансылык бузуулары жана лицензиясы жок иштеген маршруттарды «калкалап» келгени үчүн жоопко тартыш керек эле. Ал андайларды «ыраазычылык» үчүн калкалоочу. Анысы билинип калгандан кийин, ал өзүнүн бизнесин ачып, ага аялын начальник кылган. Бардык маршруттар ал жактан белгиленчү, андан кийин аны мэриядан кызматтан кетиришкен. Кыязы, эми ал өч алып жатат. Дал ошонун адамдары маршруттарды кыдырып жана машинелерин өрттөп, терезелерин талкалай тургандыктарын айтып чыгышкан. Мен анын фамилиясын азыр атабайм. Себеби тергөө жүрүшү керек», - дейт ал.
Мындан сырткары Карамушкина бул иш таштоого ИИМ да аралашкан болушу мүмкүн экендигин белгилейт. Себеби, милиция муну билген, бирок эч кандай чара көргөн эмес. «Акциянын даярдалып жатканын билген адамдар ИИМге кайрылышкан, бирок милиция эч кандай чара көргөн эмес. Мындан улам укук коргоо органдарынан дагы кимдир-бирөө үлүштө тургандай сезилет. Эми тергөө жүрүп, бардык күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат деп үмүттөнөм. ИИМдин реакциясына карайм. Эгерде жакынкы күндөрү эч нерсе болбосо, анда бейшемби күнү бул маселени парламент отурумунда көтөрүп чыгам», - дейт депутат айым.
Эгерде ИИМ дагы бул иш таштоону алдын ала билип туруп, эч кандай чара көрбөгөн болсо, анда бул министрликтин жетекчилигине ишеним артууга болобу? Же ал эски «шефи» Алмазбек Атамбаевдин буйругун тымызын аткарып атабы?
Булак: NazarNews.kg